Дин аалымдары Жогорку Кеңешке келип, Ташиевдин чек ара боюнча маалыматын укту

Дин өкүлдөрү эки саатка чукул отуруп анан чыгып кетишти.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңешке аалымдар келип кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин маалыматын угушту.
Дин өкүлдөрүнүн жолугушуусу парламенттин жалпы жыйындар залында өттү.
Алар Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынынан кийин чогулушкан. Ташиев Өзбекстан менен чек ара келишими тууралуу айтып бергени белгилүү болду. Алар эки саатка чукул отуруп анан чыгып кетишти.
Муфтий Замир Ракиев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Тойгонбай Абдыкаров баштаган бир нече киши келген.
ЖК комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун колдоду. Видео