Азербайжан президентинин сапарына байланыштуу Бишкектин көчөлөрү жабылат

Кыймылга чектөөлөр кортеждер өткөн учурда гана киргизилет.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. 11-12-октябрда Азербайжан президентинин мамлекеттик сапарына байланыштуу Бишкектин айрым көчөлөрү жабыларын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, кыймылга чектөөлөр кортеждер өткөн учурда гана киргизилет. Бирок кайсы маалда жабылары боюнча так маалымат айтыла элек.
Убактылуу чектөө киргизиле турчу жолдор:
"Манас" аэропортунан Чүй — Фучик кесилишине чейин;
Чүй проспектиси — Фучиктен Манас проспектисине чейин;
Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектилери — Чүй проспектисинен мамлекеттик резиденцияга чейин;
Байтик баатыр көчөсү — мамлекеттик резиденциядан Аалы Токомбаев көчөсүнө чейин;
Ахунбаев көчөсү — Чыңгыз Айтматов проспектисинен Достоевский көчөсүнө чейин;
Садырбаев көчөсү — мамлекеттик резиденциядан "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейин;
Садырбаев көчөсү — мамлекеттик резиденциядан "Ала-Арча" жаратылыш паркына чейин.
Бишкекке 11-октябрда Азербайжан президенти Ильхам Алиев келет