Бишкекте коомдук транспорттогу жол кире кандай болот? Алдын ала эсептөөлөр

Мэриядан азыркы тарифтерден ага жумшалган чыгымдар эки эсе өсүп кетти деген пикирди билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бишкектин Транспорт департаментинин башчысы Максат Нусувалиев борбор шаардагы коомдук транспорттун баасы кандай болуп өзгөрүшү боюнча экономикалык эсептөөлөрдү жүргүзгөн.
Экономикалык эсеп жүргүнчү ташыган тараптарга төмөнкү баа ылайыктуу деп көрсөткөн:
троллейбус — 15 сом;
автобус (менчик же муниципалдык экенине карабастан) — 15 сом;
маршрутка саат 6:00 - 20:30 аралыгында — 21 сом;
маршрутка саат 20:30 - 6:00 аралыгында — 32 сом;
Нусувалиев айтылган бул сандар эсептелип чыккан вариант экендигин жана чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл аларын билдирген.

Эмне үчүн жол кирени көтөрүш керек?

Мэриядан азыркы тарифтерден ага жумшалган чыгымдар эки эсе өсүп кетти деген пикирди билдирип, элди ташуу, күйүүчү май жана автотетиктер кымбаттагандыгын айткан.
Бустардын айдоочуларына да пайдасыз болуп калгандыктан, алар линияга аз чыгып жатканын белгилешкен. Департамент транспортунун башчысы бир кишини ташуу 30 сомдон айланат деген пикирин билдирген.
Радио
Нусувалиев: карта менен жол кире арзаныраак боло турган мыйзам сунушталууда