БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Баткен облусунда бүгүндөн тарта жуманын соңку күндөрүнө чейин жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.
Түнкүсүн абанын табы өрөөндөрдө 5…10дон 6…11 градуска чейин жылуу болору божомолдонууда. Ал эми күндүз эң ысык дегенде 22…27 градуска чейин жогорулайт.