Балыкчыда Россиянын колдоосу менен аскердик техника оңдогон база ачылды. Видео

Базанын аймагында техникалык тейлөө боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Балыкчыда Россиянын колдоосу менен Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгүндө курал-жарак, аскердик техника оңдогон база ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Анын айтымында, базанын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Россиянын коргоо ведомствосунун өкүлдөрү, 20636-аскер бөлүгүнүн командачылыгы жана өздүк курамы, жергиликтүү бийлик органдары катышкан.
1 / 7

Балыкчыда Россиянын колдоосу менен Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгүндө курал-жарак, аскердик техника оңдогон база ачылды

2 / 7

Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди

3 / 7

Анын айтымында, базанын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Россиянын коргоо ведомствосунун өкүлдөрү, 20636-аскер бөлүгүнүн командачылыгы жана өздүк курамы, жергиликтүү бийлик органдары катышкан

4 / 7

Төрөбаев Кыргызстанда база ачуу Россия менен аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүдө маанилүү экенин белгилеп, бул коопсуздукту бекемдөөгө көмөк көрсөтө турганын кошумчалаган

5 / 7

Ал эми коргоо министри Бактыбек Бекболотов эки өлкөнүн Коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнүн аракети менен оңдоо базасы кыска убакытта бүткөнүн белгиледи

6 / 7

Эске салсак, 2022-жылдын башында Кыргызстан менен Россиянын Коргоо министрликтеринин ортосунда аскердик-техникалык жардам багыты боюнча кошумча макулдашууга кол коюлган

7 / 7

Базанын аймагында техникалык тейлөө боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлөт

Төрөбаев Кыргызстанда база ачуу Россия менен аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүдө маанилүү экенин белгилеп, бул коопсуздукту бекемдөөгө көмөк көрсөтө турганын кошумчалаган. Ал эми коргоо министри Бактыбек Бекболотов эки өлкөнүн Коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнүн аракети менен оңдоо базасы кыска убакытта бүткөнүн белгиледи.
"Базанын аймагында техникалык тейлөө боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүп, курал-жарак жана аскердик техникаларды даярдыкта кармап туруу үчүн оңдоо иштери жүрөт", — деген министр.
Эске салсак, 2022-жылдын башында Кыргызстан менен Россиянын Коргоо министрликтеринин ортосунда аскердик-техникалык жардам багыты боюнча кошумча макулдашууга кол коюлган.
Шойгу: Россия Тажикстан менен Кыргызстандагы базаларын күчтөндүрөт