13-октябрда Бишкектин бир бөлүгү суусуз калат. Тизме

"Бишкек суу канал" ишканасынын өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы шаардагы суу кампасында оңдоо иштерин жүргүзмөкчү.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Борбор калаанын бир бөлүгү 13-октябрь күнү саат 09:00дөн түнгө чейин муздак суусуз калат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлады.
Бул күнү турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик объектилеринде жана өнөр жайда суу өчүрүлмөкчү.
Төмөнкү жерлерде суу токтотулат:
Ала-Арча суусу – темир жол линиясы – Жибек жолу проспектиси – Жаш гвардия бульвары;
Жаш гвардия бульвары – темир жол линиясы – Фрунзе көчөсү – Манас проспектиси.
"Ичүүчү суу "Гагарин" суу кампасына жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлүп жатат", — деп айтылган маалыматта.
Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, элди, мекеме-уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну эскерткен.
Суук түшпөйбү? Бир жумага карата Кыргызстандагы аба ырайы