Жапаров менен Путин Астанада жолугушууну макулдашышты

Президенттер жума күнү КМШ мамлекет башчыларынын бейрасмий жолугушуусунун алдында телефон аркылуу сүйлөшүшкөнү маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров менен Россиянын президенти Владимир Путин Астанада жолугушууну макулдашты. Бул тууралуу Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берип РИА Новости жазды.
Песковдун айтымында, президенттер Санкт-Петербургда өткөн КМШ мамлекет башчыларынын бейрасмий жолугушуусунун алдында телефон аркылуу сүйлөшүшкөн.
"Саммит алдында өлкө башчы Путин президент Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Алар эки тараптуу мамилелерге байланышкан маселелерди талкуулап, Астанада жолугушууну макулдашышты", — деген Песков "Россия-1" телеканалындагы "Москва.Кремль.Путин" программасында маек куруп жатып.
Эске салсак, КМШ лидерлеринин жыйыны 7-октябрда өткөн. Ага Жапаров барган эмес. Ал эми расмий саммит ноябрдын ортосунда Астанада өтмөкчү.
Путин КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы чатактарды чечүү жолдорун табууну сунуштады