Радио

Жантаев: токой үрөн базасын куруу каралууда

Айыл чарба министрлигинин алдындагы токой кызматынын токой экосистемаларын интеграциялап башкаруу долбоорун ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Канат Жантаев токойлорго сапаттуу өсүмдүктөрдү отургузуунун маанилүүлүгүн айтты.
Sputnik
Ушул тапта атайын токой үрөн базасын куруу пландалып, баалуу өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн сактап калууга аракеттер көрүлүүдө. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, токойдогу бак-дарактардын санына кызыкпастан, сапатын арттыруу маанилүү.
"Табиятты сактап калуу үчүн кыргызды мал бакпа деп айта албайбыз. Анын ордуна асыл тукумдуу малдын санын көбөйтүү маанилүү. Жаратылышты туура колдонуу үчүн асыл тукум малга жана сапаттуу өсүмдүктөргө басым жасоо шарт. Санына кызыгып эле көп бак-дарак отургузуу туура эмес. Айыл чарба министрлиги учурда бул маселеге көңүл бурууда. Ошондуктан азыркы учурда атайын токой үрөн базасын куруу пландалып жатат. Эгер бул иш жүзүнө ашып калса, климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу болгон өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн сактап калууга шарт түзүлөт", — деди Жантаев.
Ал климаттык көйгөйлөр дегенде көбүнчө алдыңкы орунга мөңгү маселеси чыгарын, бирок ошол эле маалда токойлор да унутта калбашы зарылдыгын кошумчалады.