Садыр Жапаров: Алтынбек Сулайманов реформага шылтабай жөн кетсе болмок

Өлкө башчы иштей албагандардын баары иштен алынарын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Алтынбек Сулайманов кызматынан реформага шылтабай жөн эле кетип калса болмок. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде айтты.
Журналист андан "губернатор жана төрт министр бир учурда кызматын таштап кеткен себебин" сурады.

"Бир дагы жолу мамлекеттик кызматта иштебеген киши дароо бир облустун башчысы болуп барып калып, кыйналды окшойт. Жергиликтүү бийликти реформалоо үчүн долбоорлор даярдалыш керек да. Жөн эле ой келди жасап салгыдай мамлекет мал сарай эмес. Долбоорлор даярдалып жатат. Айтып коюш оңой. Андыктан рефорамага шылтабай жөн эле кетсе болмок", — деди президент.

Ошондой эле ал төрт министрди кызматтан өзү алып салганынын себебин айтты.
"Өзүңөр тегерегиңди тазала деп дайыма айтып жүрөсүңөр го. Ишти тарта албай жаткан министрлерди алмаштырам. Пара алгандарды, мамлекеттин акчасын уурдагандарды каматам. Кыскасы, эч кимди аямай жок. Министр болуп келдиңби, мамлекет үчүн, эл үчүн иште!" — деди Жапаров.
Эске салсак, сентябрь айынын соңунда президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Алтынбек Сулайманов өз ыктыяры менен кызматтан кеткен. Ал реформа жасалбагандыгы үчүн мындай кызматта иштөө оор экенин айткан.
Ал эми 3-октябрда транспорт министри, билим берүү жана илим министри, маданият министри жана энергетика министри иштен алынганы белгилүү болгон.
Талант Мамытов ЖК төрагалыгынан кеткен себебин айтты