БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Октябрдын аягына чейин операциялык системасы эски айрым түзмөктөрдө WhatsApp тиркемеси иштебей калат. Бул тууралуу vvCube консалтинг тайпасынын негиздөөчүсү Вадим Ткаченконун айтканына таянып РИА Новости жазды.
Аталган мессенжер 10 жана 11 iOS үлгүсүндөгү түзмөктөрдөн өчөт, аларды кеминде iOS 12ге чейин жаңылоого туура келет. Ал эми iPhone 5 жана iPhone 5C смартфондорунда актуалдуу апдейт жок болгондуктан ал телефондор менен WhatsApp’ты колдонуу мүмкүн болбойт.
"Ткаченко мессенжердеги мындай көрүнүштөрдү эски операциялык системалар маалымат алмашуунун жаңыланган ыкмаларын көтөрө албагандыгы менен байланыштырды. Ошондой эле ал операциялык системасы улам эскирип бара жаткан башка түзмөктөрдө да бара-бара тиркеме иштебей калышы мүмкүн экендигин кошумчалады", — деп жазылган маалыматта.