Кыргызстан ЖККУнун аскердик машыгуусун өткөрүүдөн баш тартты

"Бузулгус боордоштук — 2022" аттуу машыгуу өлкө аймагында октябрь айында болмок.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун командалык-штабдык машыгуусун өткөрүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
ЖККнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн "Бузулгус боордоштук — 2022" аттуу аскердик машыгуусун өлкө аймагында октябрь айында уюштуруу пландалган.
Коргоо министрлигинин жетекчилиги аны өткөрүүдөн баш тартты.
Эске салсак, бул уюмга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Армения, Россия жана Беларусь мүчө.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Түлөбаев: тажик аскерлери Кыргызстанга машыгууга келбесин, биз дагы жөнөтпөйлү