Инфаркт болгондон кийин жашоо токтобойт. Аталган оору сөзсүз эле майыптыкка кептебейт. Бул тууралуу Дамир Осмонов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, инфаркт болгон бейтаптар баарына бирдей дарылануу процесси жүрөт деп ойлоп жаңылышат.
"Инфаркт болгон бейтаптардын ар бирине өзүнчө дарылар жазылат. Баары окшош дары ичет деген ой туура эмес. Дарыгер бейтаптын абалына жараша эмне кылуу керектигин айтат. Айрымдарга өмүр бою колдончу дарылар сунушталат. Андан сырткары, инфаркт болгондон кийин дарыгердин кеңешин эске алуу менен кыймыл-аракеттин көбүрөөк болгону жакшы. Мүмкүнчүлүгү болсо сууда сүзүп, чуркаса болот. Аны менен катар эле тамактанууга өзгөчө көңүл буруу шарт. Балык жана тоок этин көбүрөөк жеген пайдалуу. Майлуу, куурулган тамактарды азайтып, мөмө-жемишти көбөйтүү зарыл", — деди Осмонов.
Кардиолог инфаркт болгон адам эгер чылым тартса, аны сөзсүз токтотушу керектигин кошумчалады.