БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. 10-октябрдан 14-октябрга чейин Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында (Боом капчыгайы) таш кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы кабарлады.
Иш-чаралар таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлөт.
Жумуштар саат 09:00дөн 15:00гө чейин өтөт. Бул үчүн ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери жолду жарым-жартылай тосушат.
Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге гана багытталат. Ал эми 30-40 автоунаа топтолгон учурда иштер токтотулуп, аларды өткөрүүгө уруксат берилет.