Чуркаганга шык берет! Бишкекте өткөн массалык жарыштан 12 сүрөт

Борбор калаада жыл сайын уюштурулган эл аралык кайрымдуулук марафону болуп өттү. Ак илбирсти сактоого арналган мелдештеги ирмемдерди Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрүңүз.
Sputnik
Жарыш калаанын негизги көчөлөрүндө болду. Катышуучулар 1, 5, 14 жана 21,1 чакырым аралыкка чуркашты. Ошондой эле балдар үчүн Nurzaman Kids Run дистанциясы жана аймактык онлайн-жарыш уюштурулду. Жарым марафон (21,1 чакырым) Эл аралык марафондор бирикмесинин жана AIMS/IAAF жарыштарынын сертификаттарына ээ экени белгиленди. Бул жылы чуркоого 4 миң киши катышты.
Белгилей кетсек, жыл сайын катышууга төлөнгөн каражат илбирсти жана экосистеманы коргоо боюнча глобалдык программага (GSLEP) которулуп, фотокапкан сатып алынып келет. Ошондой эле жаратылыш чөйрөсүндөгү башка муктаждыктарга жумшалат.
1 / 12

Бишкекте жыл сайын уюштурулган "Ак илбирсти коргоо" эл аралык марафону болуп өттү

2 / 12

Катышуучулар борбор калаанын негизги көчөлөрүн айланып чуркады

3 / 12

Мелдештин катышуучулары 1, 5, 14 жана 21,1 чакырым аралыкка чуркашты

4 / 12

Ошондой эле балдар үчүн Nurzaman Kids Run дистанциясы жана аймактык онлайн-жүрүш уюштурулду

5 / 12

Марафондун көркүн ачкан кыздар

6 / 12

Жарым марафон, тагыраагы, 21,1 чакырым — Эл аралык марафондор бирикмесинин жана AIMS/IAAF жарыштарынын сертификаттарына ээ

7 / 12

Бул жолку марафонго 4 миңден ашуун киши катышты

8 / 12

Катышууга төлөнгөн каражат ак илбирсти коргоого багытталган иштерге жумшалып келет

9 / 12

Мелдешке чет мамлекеттин спортчулары да катышты

10 / 12

Соңку убакта марафонго катышкан кыргызстандыктардын катары калыңдады

11 / 12

Мурдагы жылдары уюштуруучулар чогулган каражатка фотокапкан жана токойчуларга автоунаа алышкан

12 / 12

Катышуучулар социалдык тармакта кийинки жарыштарда өздөрүнүн рекордунан да көбүрөөк аралыкты багынтууну ойлоп жатканын жазышты