Беларуста тамак-ашты кымбаттаткан дүкөндөргө кылмыш иши козголо баштады

Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Беларустун укук коргоо органдары тамак-аштын кымбатташына байланыштуу алгачкы кылмыш иштерин козгоду. Бул тууралуу жергиликтүү телеканалдарга шилтеме берип РИА Новости жазды.
Мамлекеттик көзөмөл комитетинин кызматкерлери республиканын түндүк-батышында жайгашкан Лида шаарындагы дүкөндөрдүн биринде колбасанын наркы үч күн ичинде кымбаттап кеткендигин аныкташкан. Ушундай эле себеп менен дагы бир кылмыш иши Могилев облусунда козголду.
6-октябрда Беларусь президенти Александр Лукашенко республикадагы баа боюнча өкмөт менен жыйын өткөрүп, анда товарлардын наркынын өсүшүн жана инфляциянын азыркы деңгээлин сынга алган. Мамлекет башчы 6-октябрдан тарта өлкөдө бааны көтөрүүгө тыюу салууну тапшырган. Ошону менен бирге ал республикада товардык дефициттин жоктугуна кепилдик берүүгө даяр экендигин билдирген.
Кийинки жылы Кыргызстанда баа дагы 7,5%га өсөрү айтылды