БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. АКШ президенти Жозеф Байден улуттук коопсуздук бөлүмүнүн кызматкерлерин өзөктүк Армагеддондун чоң тобокелчиликтерин айтып таң калтырды. Бул тууралуу The Telegraph"тын баяндамачысы Ник Аллен жазды.
Маалымдалгандай, анын бул сөзүнөн кийин Ак үйдүн өкүлдөрү америкалыктарды жана союздаштарын Байденде жакын арада өзөктүк согуштун болушу тууралуу маалыматтары же билген нерсеси жоктугуна ынандырууга туура келген. Автордун билдирүүсүндө, президенттин оозунан бул капысынан чыгып кеткен, анткени менен Байден аталган маселеге көз карашын билдирип койду.
АКШ лидеринин кеңешчилери Байдендин мындай билдирүүлөрдү айтуусун каалабай тургандыктарын ачыкташкан.
Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский НАТОну "Россиянын өзөктүк курал колдонуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууга" чакырган. Зеленскийдин пикиринде, бул үчүн альянс "эскертүүчү сокку" жасашы керек.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Зеленскийдин бул айткандарына бардык өлкөлөр, өзгөчө АКШ, Улуу Британия жана Евробиримдикке кирген мамлекеттер көңүл буруусу керектигин белгилеген. Песков Зеленскийдин билдирүүсүн дүйнөлүк согушка чакырык деп атап, мындай чыр-чатактын кесепети өтө оор болорун эскерткен.