Жети-Өгүздө балыктардын көбөйүшүнө кам көрүү иштери башталды. Сүрөт

Көбүнчө балыктар суу азайып же браконьерлер кармап алгандыктан урук таштоочу жерине жетпей калат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Ысык-Көлдө балыктардын урук чачуу мезгили башталгандыгына байланыштуу ОИИБдин туристтик-экологиялык кызматкерлери жана Жети-Өгүздөгү Саруу, Даркан айылдарынын тургундары "Кашат" кичи суусундагы балыктарды куткаруу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Ысык-Көлдө балыктардын урук чачуу мезгили башталгандыгына байланыштуу ОИИБдин туристтик-экологиялык кызматкерлери жана Жети-Өгүздөгү Саруу, Даркан айылдарынын тургундары "Кашат" кичи суусундагы балыктарды куткаруу иштерин жүргүзүүдө

2 / 3

Билдирмеге караганда, кээ бир балыктардын түрлөрү урук чачуу үчүн көлдөн агын сууларга же агын суулардан көлгө барат

3 / 3

Бирок агын суулар азайып кеткендиктен көбүнчөсү көздөгөн жерине жетпей калат.

Билдирмеге караганда, кээ бир балыктардын түрлөрү урук чачуу үчүн көлдөн агын сууларга же агын суулардан көлгө барат. Бирок агын суулар азайып кеткендиктен көбүнчөсү көздөгөн жерине жетпей калат. Мындан сырткары, браконьерлер учурдан пайдаланып форель балыктарын агын суулардан кармап алат.
"Аларды сактап калуу максатында милиционерлер менен айыл жаштары урук чачууга бараткан балыктарды торлор менен тосуп алып тоодогу сууларга коё берүүдө. Буга чейин туристтик-экологиялык кызматкерлер браконьерлердин торлорун жок кылышкан", — деп айтылат маалыматта.
ОИИБ урук чачуу мезгили эки жумага созуларын айтып, ушул тапта суу сактагычтарда балык уулоого чектөө киргизилгенин эскертти. Аны аткарбагандарга айып салынат.
Радио
Акпаралы уулу: балык былтыркыга салыштырмалуу 145%га көп өстүрүлдү