Сауд Арабия министри АКШнын мунай өндүрүүнү кыскартуу боюнча сынына жооп берди

Аль-Жубейр Сауд Арабиянын АКШга зыян келтирүү ою жок экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. АКШда бензиндин кымбатташына Сауд Арабиясы күнөөлүү эмес, бул Кошмо Штаттардагы мунай иштетүүчү заводдордун жетишсиздигинин кесепети. Мындай пикирин Fox News басылмасына королдуктун ТИМ башчысы Адель аль-Жубейр билдирген.
"Силерде мунайды иштеткен заводдор жетишсиз. Аларды он жылдап курган эмессиңер", — деген ал.
Аль-Жубейр Сауд Арабиянын АКШга зыян келтирүү максаты жок экенин белгилеген.
"Сауд Арабия АКШга зыян келтирүү үчүн же саясий кырдаалга катышуу үчүн муну жасады деген нерсе толугу менен чындыкка дал келбейт", — деген министр.
Эске салсак, ОПЕК+ уюмуна мүчө мамлекеттер бааны кармап туруу үчүн ноябрь айынан тарта мунай өндүрүүнү суткасына эки миллион баррелге чейин кыскартууну макулдашты.
АКШ президенти Жозеф Байден мындай чечимди алысты көрө албагандык деп атаса, мамлекеттик катчы Энтони Блинкен Сауд Арабияга жооп иретинде чара көрүүнү убадалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш Сауд Аравиясын Москванын кучагына түрттү. Мунай жагдайына сереп