Педофилдерди бычуу жардам береби? Урологдун жообу видеодо

Дарыгердин айтымында, химиялык бычууда педофилдерге препараттар колдонулат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Коомчулукта педофилдерден арылууга химиялык бычуу жардам бербейт. Бул тууралуу уролог Нурбек Моңолов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айтып берди.
Адис жаш балдарга алсыз эркектер ыдык көрсөтөрүн белгилеген.
"Алардын мээсинде сексуалдык өсүүгө жооп берген механизмдер өспөй, кичинекей кезиндегидей калып калган. Анан алсыз же эркектик жактан комплекси бар, көбүнчө жыныс мүчөсү кичинекей эркектер педофил болушат. Алардын күчү өзүнө тең аялдарга жетпейт. Анан жаш балдарга асылышат, алдаганга эмоциясы да жетет", — деди дарыгер.
Моңолов педофилдердин мындай адаттан арылуусу кыйын экенин белгиледи.
"Педофилдердин 99 пайызы оңолбойт. Түрмөгө түшкөндөн кийин дээрлик бардыгы кайра кайталайт. Химиялык бычуу — мааниси жок нерсе. Биринчиден, өтө кымбат. Биздин өлкөнүн эле каражаты кетет. Анда атайын химия жана гормон препараттары берилет. Аны бербей калса адатына түшөт. Педофилдерде бузулгандык мээсинде болот. Жыныс мүчөсү жок деле ыдык көрсөтө беришет", — деди уролог.
Белгилей кетсек, жакында эле Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Улан Бакасов балдарды зордуктаган педофилдерди хирургиялык жол менен бычып салуу мыйзам долбоорун сунуштаган.
Элдешпейт, компенсация 10 эсе көбөйөт. Зордукчунун жазасын оорлоткон мыйзам долбоору