Санарип министрлиги майыптыгы бар адамдарды IT-адистигине окутат. Шарттары

Социалдык долбоорго катышууну каалагандар дилбаян жазышы шарт.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Санариптик өнүктүрүү министрлиги "Софтскилз" компаниясы менен биргеликте "IT-адиси бол" долбоорун баштап, майыптыгы бар адамдарды окутууга сынак жарыялады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Аталган социалдык долбоорго катышууну каалаган майыптыгы бар адамдар "Эмнеге мен IT тармагына барууну каалайм жана ким болгум келет?" деген темада эссе жазып, a.vorobev@lerne.team жана asarygulova@digital.gov.kg почталарына жөнөтүшү шарт. Табыштамалар 15-октябрдын саат 18:00үнө чейин кабыл алынат.
Эссе жазууда өзгөчөлөнгөн катышуучуларга Skillbox университетинин онлайн курсунда окуу сертификаты тапшырылат. Ал жерден үчтөн 12 айга чейин окутулат. Андан соң министрлик IT багытындагы жумуштарды табууга жана стажировкадан өтүүгө көмөктөшөт.
Радио
Жекшенов: ушул жылдын сегиз айында Бишкекте 6 823 жумушсуз адам катталды