Кыргызстан менен Россиянын экономикалык долбоорлоруна кошумча каражат бөлүнөт

Вольвач бүгүн Ошто Россия-кыргыз инвестициялык форумуна катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын экономикалык долбоорлору үчүн кошумча жардам бөлүнөт. Бул туурасында Sputnik радиосуна РФтин экономикалык өнүктүрүү министринин орун басары Дмитрий Вольвач билдирди.
"Өкмөт башчылары бизге дагы бир финансылык булак таап өтө маанилүү операциялык долбоорлорду колдоого тапшырма берди. Бул боюнча иштер жүрүп, ар кайсы каржы булактарын караштырып жатабыз. Ал боюнча консенсуска келип, ЕАЭБдин бюджетинде биздин өлкөлөрдүн экономикасы муктаж болуп турган кооперациялык долбоорлорду колдоого өзүнчө максаттуу каражат табылат деп ойлойм", — деди Вольвач.
Ал бүгүн Ошто Россия-кыргыз инвестициялык форумуна катышты.
Рекорддук сумма. Быйыл РКӨФ 90 млн. долларлык долбоорду каржылайт