Крым көпүрөсүндө жарылуу болду. Видео

Кырсыктын себебин тактап, кесепеттерин жоюу үчүн Владимир Путин өкмөттүк комиссия түзүү тапшырмасын берди.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Ишемби күнү таң атпай Крым көпүрөсүнүн бир бөлүгүндө жүк ташуучу автоунаа жардырылып, анын кесепетинен күйүүчү майды темир жол аркылуу ташыган жети цистерна өрттөнгөнүн РИА Новости Террорчулукка каршы улуттук комитеттин маалыматына таянып кабарлады.
Цистерналарды Крым жарым аралын көздөй алып бара жатышкан. Кырсык 8-октябрда таңкы саат 6:07лер чамасында катталган. Аймактык бийликтин алдын ала маалыматтары боюнча, жабыркагандар жок.
Азыркы учурда эмне белгилүү:
Маалым болгондой, жарылуунун кесепетинен Краснодар жана Керчь шаарларын бириктирген жолдун бир бөлүгү ураган;
Анын себебин тактап, кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн Владимир Путин өкмөттүк комиссия түзүү тапшырмасын берди;
Крымдын башчысы Сергей Аксенов Крым көпүрөсүндөгү автоунаа үчүн качан жанданары өрт өчүрүлүп, келтирилген зыяндын көлөмү аныкталгандан кийин гана белгилүү болорун билдирген;
Россиянын Тергөө комитети Крым көпүрөсүндөгү жүк ташуучу автоунаанын жардырылышы боюнча кылмыш иш козгоду;
Мамдума депутаты Олег Морозов көпүрөдөгү жардырууну эрежесиз согушка чакырык деп атады.
Крым көпүрөсү Россиядагы эң узун көпүрө. Анын узундугу — 19 чакырым. Автоунаалар жүрө турган бөлүгү 2018-жылдын май айында ишке берилсе, 2019-жылдын декабрь айында темир жол бөлүгүнөн алгачкы поезддер өтө баштаган.
Экспериментти элге көрсөтүп жатканда 18 киши жарадар болду. Испаниядагы видео