БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. ЕАЭБ жамааттык Батыштын көптөгөн чакырыктарына татыктуу түрдө каршы турууда. Бул тууралуу “Интеграция” форумунун катышуучулары айтканын Евразия экономикалык комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара 7-октябрда Москва шаарында өттү. Форумдун пленардык жыйыны ачык бизнес-диалог форматында өтүп, анда жаралган экономикалык кырдаалдан чыгаруучу долбоор жана бизнес-идеяларды талкуулоого басым жасалды.
"ЕАЭБ пандемия учурундагы сыноолордон ийгиликтүү өттү жана Россия менен Беларуска каршы санкцияларга карабастан ийгиликтүү өнүгүүдө", — деди Евразия экономикалык комиссиясынын интеграциялар жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев. Анын айтымында, интеграциялык биримдик өзүнүн майнаптуулугун, ага катышкан өлкөлөрдүн атаандаштыкта артыкчылыктуулугун көрсөттү.
© Фото / пресс-служба ЕЭК
"Мурдагыдай эле нукта биз соода алака иштерин да мыкты өнүктүрүп келе жатабыз. ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөр менен да соода иштери жүрүүдө. Өткөн жылы экспорт дээрлик бир жарым эсеге өстү, бул жылы дагы жакшы натыйжа күтүп жатабыз. Санкцияларга карабастан сырткы соода бул жылы анчалык оорчулукка кабылган жок, биз түштүк жана чыгыштагы коңшулар менен өзгөчө Кытай, Индия менен тез аранын ичинде соода жүргүзүүнү көбөйтүүгө өттүк", — деди Глазьев.
Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасы биримдиккке кирген өлкөлөргө жана андагы ишкерлерге карата санкция жана башка жакшы эмес кадамдардан улам болуп көрбөгөн оор шартта иштеп жатканын айтты. Ал баарынан мурда инвестициялык ишмердүүлүккө көңүл бурууга чакырды.
© Фото / пресс-служба ЕЭК
"Насыялык ресурстар кымбат, алар аз дагы. Комиссия ЕАЭБдин кооперациялык долбоорлорун колдоо жана каржылоо чаралары боюнча конкреттүү сунуштарды даярдады. Насыянын пайыздык чендерин олуттуу субсидиялоо зарыл деп болжоп жатабыз. Интеграциялык долбоор деп 3+ту эсептөөнү сунуштайбыз, башкача айтканда, кеминде үч өлкөнүн өкүлдөрү бул долбоордо катышуусу керек", — деди ал.
Михаил Мясниковичтин айтымында, бул багытка атайын чогултулган, демпингге каршы жана компенсациялык каражаттардын дээрлик 10 пайызын сарптоого болот.
"Өткөн жылы бул 200 миллион долларга жакын сумманы түзгөн болчу. Приоритеттүү тармактарды аныктап, биринчи кезекте микроэлектроникага, фармацевтикалык өнөр жай, авиатүзүмдөргө көңүл буруу керек", — деп кошумчалады ал.
Мясниковичтин пикиринде, экономикалык өсүүнү тездетүүнүн экинчи фактору — илимий-технологиялык өнүгүүнү ылдамдатуу. Үчүнчү, башкы фактор деп ал Ири евразиялык өнөктөштүктү түзүү жана транспорттук-логистикалык тармакты өнүктүрүү боюнча ШКУ менен биримдикти күчөтүү деп айтты.
Россиянын өнөр жай жана ишкерлер биримдигинин президенти Александр Шохин өз кезегинде ЕАЭБ бизнес-коомчулугу менен кызматташууну тездетүү, өзгөчө евразиялык компанияларды түзүү иштерине көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
© Фото / пресс-служба ЕЭК
"3+ форматындагы евразиялык корпорациялардын укуктук макамын иштеп чыгуу юридикалык жактардын жаңы классын түзгөнгө жол ачат. Бул ыкма татаал, бирок келечектүү, жогорку технологиялык долбоорлорду ишке ашырууга жардам берет, мисалы, микроэлектроника тармагында", — деди Шохин.
Евразия экономикалык комиссиянын бажы кызматташтыгы боюнча министри Максат Мамытканов ЕАЭБде бажы транзиттик бирдиктүү системасын түзүү боюнча айтты.
© Фото / пресс-служба ЕЭК
"Макулдашуунун долбоорун даярдадык, жыл аягында аны өлкөлөргө жөнөтөбүз.Кызыккан органдар бул ишке кошулса болот", — деди ал.
Россиянын Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Владимир Ивин башкы үч бажылык багытты белгиледи.
© Фото / пресс-служба ЕЭК
"Бул ЕАЭБдин Бажы кодексине өзгөртүү киргизүү иштерин активдештирүү. Анын транзиттик потенциалын көтөрүп, экспортту жөндөө боюнча бирдиктүү чаралар бирдиктүү чараларды иштеп чыгуу ", — деди ал.
ЕЭКтин энергетика жана инфраструктуралар боюнча министри Арзыбек Кожошев ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнүгүшүнүн негизи – энергетикалык кубаттуулук жана транспорттук коридорлор болушу керектигине токтолду.
© Фото / пресс-служба ЕЭК
"Жакынкы Чыгыш, Индияны багыттап “Чыгыш-Батыш” аралашкан транзиттик трансорттук жолдорго басым жасоо маанилүү. Каспий деңизи аймагында алаканы кеңейтүү, “Түндүк-Түштүк” транспорттук коридордун чегинде инфраструктуралык потенциалды колдонуу маселесин жана Транскаспий каттамын иштеп чыгуу кажет", — дейт ал.
ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу министри Виктор Назаренко ЕАЭБде азык-түлүктүн сапатын жакшыртууну камсыздаган евразиялык системаны иштеп чыгууну сунуштады.
© Фото / пресс-служба ЕЭК
"Комиссия рынокту кооптуу азык-түлүктөрдөн коргоо боюнча олуттуу чараларды кабыл алат. Буга биримдикке кирген өлкөлөрдүн баары катышуусу керек. Биздин азык-түлүктөр коопсуз гана эмес, сапаттуу да болушу шарт. Ошондо ал үчүнчү өлкөлөрдүн рыногуна чыгып, атаандаштыкка туруштук берет", — деп белгиледи Назаренко.
Бизнестин өкүлдөрү учурда жаралган экономикалык кырдаалдагы иштер боюнча сунуштарын айтышты.
"Интеграция" Евразия бизнес форуму 2019-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Анда актуалдуу маселелер, өнөр жай жана экономикалык кызматташуунун келечеги, ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү жана шериктештик мамлекеттердеги ишкерлер алакасынын өнүгүшү талкууланат.