БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" өткөрүү пункту жаңыланып, кайрадан ачылганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Реконструкцияланган көзөмөл өткөрүү пунктунун ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, анын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жана Россиянын өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук катышкан.
Кыргызстандын аткаминерлери Россия тарапка көзөмөл өткөрүү жайды реконструкциялоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Касымалиев өткөрүү пунктуларын заманбап техникалык каражаттар менен жабдууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айткан. Ал эми Оверчук Кыргызстан Россиянын ишенимдүү өнөктөшү жана союздашы экенин белгилеген.
"Достук" өткөрүү пунктунун ачылышы Евразия экономикалык биримдиктин алкагындагы тыгыз кызматташтыгыбызды билдирет. Бул бизге жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга, экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө, ар кандай чакырыктарга биргелешип жооп берүүгө мүмкүндүк берет. Биз биримдиктебиз. Бүгүн биргелешкен ишибиздин мыкты натыйжасын көрүп жатабыз жана мындан аркы кызматташууга умтулабыз", — деген ал.
Белгилей кетсек, "Достук" көзөмөл-өткөрүү пункту ЕАЭБге кошулуу процессинин алкагында толугу менен реконструкцияланды. "Электрондук өткөрүү пункту" долбоору чек арадан өтүүдө бизнес процесстерди жөнөкөйлөтүп, чек ара көзөмөлүн натыйжалуу ишке ашыруу үчүн санариптик технологияларды киргизүүнү карайт.
"Буга чейин чек араны көзөмөлдөө процесстери кол менен жүргүзүлүп келген. Ошондой эле товарларды өткөрүү пунктунан алып өтүү үчүн 4 сааттан 11 саатка чейин убакыт талап кылынган", — деп жазылат маалыматта.
Эми "Электрондук өткөрүү пункту" долбоорунун жардамы менен чек арадан өтүү жол-жобосу жеңилдегени айтылды.