Радио

Майтикова: бала бакчада тамак берүү жакшырды

Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Майтикова учурда бала бакчаларда бир балага тамак-аш үчүн күнүнө 120 сом коротуларын айтты.
Sputnik
Бишкектеги бала бакчаларда берилип жаткан тамактардын жарым баасын ата-энелер, калганын шаар мэриясы төлөп жатат. Бул тууралуу Чынара Майтикова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ата-энелер балдардын тамагынан эч нерсе аябайт.
"Кымбатчылыктын күч алышы менен бирге бала бакчадагы тамактардын да баасы жогорулады. Бирок ошол эле маалда тамак берүү жакшырды. Былтыр бир балага 60 сомдон бөлүнсө, быйыл апрель айынан баштап 120 сом болгон. Тамактардын баасын жогорулатуу демилгесин ата-энелер өздөрү көтөрүп чыгып, өз каалоолору менен жарым баасын төлөп жатышат", — деди адис.
Ал ата-энелер балдарга берилип жаткан тамактарды көзөмөлдөп турууга укуктуу экенин кошумчалады.