Мектеп салуу, студенттердин квотасын көбөйтүү. А.Жапаров менен Оверчук жолукту

Басым жасалган темалардын бири — Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн арттыруу болду. Аталган фонд Баткендеги маанилүү социалдык долбоорлорду каржылаган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Ош шаарында кыргыз-орус инвестициялык форумунун алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен РФөкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук жолукту.
Өкмөттүн маалымат кызматы алар кыргыз-орус эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу көйгөйлөрүн, ЕАЭБ алкагындагы өз аракызматташуунун жолдорун талкуулагандыгын билдирди.
Өзгөчө басым соода-экономикалык, социалдык-гуманитардык тармактарга, тагыраагы, Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) ишмердүүлүгүнө, КРде салына турган 9 мектепке жасалган. Андан сырткары маанилүү дагы бир теманын тегерегинде — федералдык бюджеттин эсебинен Россиянын жогорку окуу жайларында билим ала турган кыргыз студенттеринин квотасын 600 орунга чейин көбөйтүү тууралуу сүйлөшүү болгон.
Бүгүн Ош шаарында кыргыз-орус инвестициялык форуму өттү.
Кыргыз-орус инвестициялык форуму 7-октябрда Баткен облусунда башталган. Анын алдында РКӨФ башкармалыгынын төрагасы фонд бөлгөн каражаттардын эсебинен Баткен облусунда медициналык борбор, мектеп жана заводдун курулушу башталганын айтып берди.
РФ Экономика министрлиги: Кыргызстанда миграция боюнча борбор ачылат