Радио

Давлетбакова: дыйкандарды бириктирүү мезгил талабы

Айыл чарба министрлигинин Кошулган нарктын азык-түлүк чынжырчасын өнүктүрүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Венера Давлетбакова түшүм сатууда кыйынчылыктар болуп жатканын белгиледи.
Sputnik
Дыйкандар продукцияларын чет өлкөлөргө өз алдынча сатууда кыйынчылыктар жаралууда. Ошондуктан фермерлердин кооперативдерге, кластерлерге биригүүсү — мезгил талабы. Бул тууралуу Венера Давлетбакова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл айыл чарба продукциясынын экспорту өскөнү менен продукцияга болгон талаптар да күчөтүлүүдө.

"Дыйкандардын түшүмүн сатууну жакшыртуу үчүн министрлик тийиштүү аракеттерди көрүп жатат. Учурда картошка жана төө буурчакты сатууда көйгөйлөр бар. Ошондуктан жакында Казакстан менен Кыргызстандын фермерлеринин ортосунда жолугушуу уюштурулду. Натыйжада Казакстанга 115 тонна картошканын алгачкы партиясы жөнөтүлдү. Ал эми төө буурчак боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Экспортко чыгаруу үчүн продукциянын сапаты, көлөмү боюнча талаптар бар. Ошого жетүү үчүн дыйкандар кооперативдерге биригиши керек. Мурда бул багытта аракеттер ишке ашпай, фермерлер кызыкпай келген. Анткен менен соңку геосаясий жагдайлардан улам дыйкандар продукциясын өз алдынча экспортко чыгарууда кыйынчылыктарга туш болууда. Ошондуктан ассоциация, фермерлерден министрлик тарабынан түзүлгөн тогуз кластерге кирүү үчүн сунуштар көп түшүүдө", ؙ— деди Давлетбакова.

Ошондой эле ал көпчүлүк дыйкандар продукцияны соода-логистикалык борборлорго сактоону өздөштүрүшү керектигин кошумчалады.