Радио

Откеев: жылына 12 тасма тартуу кыялыбыз бар

Кинорежиссёр бүгүнкү күнгө чейин 10го жакын тасма тартканын айтты.
Sputnik
Сүйүн Откеев режиссёрлук кесибин убактылуу токтотуп, кинопродюсер катары иштөө кыялы бар экенин Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде билдирди.
Анын пикиринде, Кыргызстанда тасма тартуу үчүн кызыктуу идеялар арбын.

"Мындан ары режиссёрлукту убактылуу токтотуп, кинопродюсер катары иш жүргүзсөм дейм. Өлкөбүздө бир катар студиялар бар, кино жаратуу үчүн кызыктуу идеялар да абдан көп. Болгону аларды иш жүзүнө ашырууга каражат табуу керек. Режиссёрлук кесиптен толук кандуу кетип жатам дегенден алысмын. Балким, кийинчерээк тарыхый тасмаларга режиссёрлук кылып калышым мүмкүн. Бир-эки жылдын ичинде башка студиялар менен биргеликте жылына 12 тасма тартуу кыялыбыз бар. Инвесторлор да кызыкдар болсо дароо тартуу иштерине киришүүгө даярбыз", — деди Откеев.

Ал Кыргызстанда кино тартып, Россия, Түркиядагыдай ири киреше табууга болбой тургандыгын кошумчалады.