БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Учурда жүрөк-кан тамыр системасындагы көйгөйлөр 26-35 жаштагылар арасында ар бир үчүнчү, 36-45 жаштагыларда ар бир экинчи адамда кезиге баштады. Бул тууралуу лаборатория дарыгери, медицина илимдеринин кандидаты Екатерина Кашух "Известия" басылмасына билдирди.
Адистин пикиринде, кан айлануу системасынын негизги душмандарынын бири — холестерин.
"Анын деңгээли көтөрүлүп кетишине фастфуд, спирт ичимдиктери, энергетикалык суусундуктар көп таасир этет. Ал эми жаштар дал ушундай нерселер менен көп тамактанышат. Андыктан мурдагыдай жашы өтүп калган адамдардын гана жүрөгү ооруйт деген түшүнүк азыр чоң жаңылыштык болуп калды", — деди дарыгер.
Сөзүнүн соңунда Кашух жаштарды туура тамактанууга, өзгөчө холестеринди зыянсыздандырып турган боорду сактоого чакырды.