Жапаров Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, 70 жылдыгы менен куттуктады

Тараптар стратегиялык өнөктөштүк духундагы эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге чыгарууга даярдыгын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Бүгүн мамлекет башчы Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Өлкө лидерлери эки жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, өлкөлөрдүн интеграциялык бирикмелердин алкагындагы өз ара иштешүүсүн талкуулашты.
"Садыр Жапаров Владимир Путинди 70 жылдык мааракеси менен жылуу куттуктап, ага чың ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады. Өз кезегинде Путин куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптардын түбөлүк союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духундагы эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге чыгарууга даярдыгы белгиленди", — деп айтылат маалыматта.
Өлкө лидерлери өз ара байланышты туруктуу негизде колдоону макулдашкан.
КМШ лидерлеринин Санкт-Петербургдагы жолугушуусуна Сүйүнбек Касмамбетов кетти