Уюшкан кылмыштуу топтун премиум класстагы беш автоунаасы мамлекетке өттү. Сүрөт

Автоунаалардын жалпы баасы 33 миллион сомдон ашык каражатты түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Башында К.А. аттуу адам турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн сооттолгон автоунаалары мамлекетке өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

Башында К.А. аттуу адам турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн сооттолгон автоунаалары мамлекетке өткөрүлдү

2 / 4

Билдирмеге караганда, атайын кызмат Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүгү ("Уюшкан топту түзүү же ага катышуу") боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн

3 / 4

Натыйжада жалпы баасы 33 миллион сомдон ашык суммадагы премиум класстагы беш сооттолгон автоунаа мамлекеттин карамагына өткөрүлдү

4 / 4

Азыркы тапта уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тартып алган акча жана материалдык каражаттарды легалдаштыруу, ошондой эле алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин каржылоого катышкан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.

Билдирмеге караганда, атайын кызмат Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүгү ("Уюшкан топту түзүү же ага катышуу") боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.
"Натыйжада жалпы баасы 33 миллион сомдон ашык суммадагы премиум класстагы беш сооттолгон автоунаа мамлекеттин карамагына өткөрүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Азыркы тапта уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тартып алган акча жана материалдык каражаттарды легалдаштыруу, ошондой эле алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин каржылоого катышкан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.
63 миң долларлык унааны тартып алган деп кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды