КМШ лидерлеринин Санкт-Петербургдагы жолугушуусуна Сүйүнбек Касмамбетов кетти

Өлкө жетекчилери бүгүн жолугушат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. КМШ лидерлеринин Россиянын Санкт-Петербург шаарында өтүүчү бейформал жолугушуусуна Кыргызстандан мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жөнөтүлдү. Бул тууралуу КР президентинин маалымат кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, саммит 7-октябрь күнү Константиновский сарайында өтөт.
"Президент Садыр Жапаров иш графигине байланыштуу аталган жолугушууга барбайт. Россия президенти Владимир Путиндин 70 жылдыгына байланыштуу өлкө башчынын куттуктоосун жеткирүү үчүн кыргыз тараптан мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жөнөтүлдү", — дешти мамлекет жетекчисинин маалымат кызматынан.
Россия лидеринин басма сөз катчысы жолугушууну келерки жумада боло турган КМШ саммитине даярдыктын алкагында жүрө турган өтө маанилүү иш-чара деп атаган.
Садыр Жапаров БУУнун КРдеги координатору Гравени кабыл алды. Эмне сөз болду