Путин КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы чатактарды чечүү жолдорун табууну сунуштады

Бүгүн Санкт-Петербургда КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейформал жолугушуусу өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт.— Sputnik. Россия лидери Владимир Путин КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы чатактарды чечүү жолдорун иштеп чыгуу зарылдыгын айтты.
Ал бүгүн КМШга мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин бейформал саммитинде сүйлөдү.

"Шериктештиктин алкагындагы коопсуздукту камсыздоо көйгөйлөрүнө байланышкан маселелер туурасында да сөз болот. Украинадан сырткары постсоветтик аймактагы жанаша жашап келген мамлекеттердин ортосунда от чыгып кетип, трагедиялуу окуялар болууда. Бул, албетте, аларды чечүү боюнча чараларды иштеп чыгууну талап кылат", — деген Путин.

Бул иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров иш графигинен улам катыша алган жок.
Жапаров Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, 70 жылдыгы менен куттуктады