Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кремль Зеленскийдин билдирүүсүн дүйнөлүк согуш баштоого чакырык деп атады

Буга чейин Зеленский НАТО Россиянын өзөктүк соккусун күтпөй, бул мамлекетке эскертүү соккусун жасашы керектигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Украина президенти Владимир Зеленскийдин Россияга эскертүү соккусун жасоо боюнча сөзү дүйнөлүк согушка чакырыкты түшүндүрөт. Бул тууралуу РИА Новостиге Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.
Анын айтымында, эгер чоң чыр чыгып кетсе, анын кесепети коркунучтуу болот. Буга чейин Зеленский Австралиядагы Лоуи институтунда видеобайланыш аркылуу сүйлөп жатып НАТО Россиянын өзөктүк соккусун күтпөй, бул мамлекетке эскертүү соккусун жасашы керектигин айткан.

"Зеленскийдин бул билдирүүсүнө бардык мамлекеттер, өзгөчө АКШ, Улуу Британия, Евробиримдикке мүчө-өлкөлөр көңүл бурушу керек. Айрыкча, биринчи аталган эки өлкө", — деген Песков.

Ал Киевдин ишмердүүлүгүн Вашингтон менен Лондон башкарып жаткандыктан Владимир Зеленскийдин сөзүнө ушул эки мамлекет жооп бериши керектигин белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кремль Украинанын Россия менен сүйлөшүүдөн баш тартышы боюнча үн катты