Кыргызстандык педагог эл аралык фестивалда 1-орунду алды. Сүрөт

Бишкек жана Ош шаарындагы алдыңкы мугалимдер Астанада мастер-класстарды да өткөрүшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Кыргызстандык педагог, Бишкектеги №3 бала бакчанын директору Салтанат Кеңешчоро кызы Казакстандын Астана шаарында өткөн II эл аралык педагогикалык чеберчилик фестивалында 1-орунду алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Кыргызстандык педагог, Бишкектеги №3 бала бакчанын директору Салтанат Кеңешчоро кызы Казакстандын Астана шаарында өткөн II эл аралык педагогикалык чеберчилик фестивалында 1-орунду алды

2 / 3

Аталган фестивалга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандан жалпы 51 өкүл катышкан. Ушул эле иш-чарада Кыргызстандан барган педагог Марина Медведева 2-орунга ээ болгон

3 / 3

Министрлик Бишкек жана Ош шаарындагы алдыңкы педагогдор Астанада мастер-класстарды да өткөргөнүн кошумчалады.

Ага ылайык, аталган фестивалга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандан жалпы 51 өкүл катышкан. Ушул эле иш-чарада Кыргызстандан барган педагог Марина Медведева 2-орунга ээ болгон.
Министрлик Бишкек жана Ош шаарындагы алдыңкы педагогдор Астанада мастер-класстарды да өткөргөнүн кошумчалады.
Дүйнө кубогунда Кыргызстандын таэквондочулары 18 алтын медаль утту. Сүрөт