Ошто Жолон Мамытов атындагы аллея реконструкцияланууда. Эскиздери

Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы Жолон Мамытов атындагы аллея оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө
Сейил бактын жалпы аянты 70 сотыхты түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы Жолон Мамытов атындагы аллея оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Калаа мэри Алмаз Мамбетов реконструкциялоо иштери менен таанышып, иштин сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырган.
Маалыматка ылайык, сейил бактын жалпы аянты 70 сотыхты түзөт. Мында балдар аянтчасы, спорт аянтчасы курулуп, отургучтар орнотулат. Ошондой эле жарыктандыруу, жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.
Курулушту ноябрь айынын аягына чейин бүткөрүп, пайдаланууга берүү пландалууда.
Быйыл Ош шаарында 30дан ашык көчөдө тротуарлар жаңыланып, 20 аялдама курулат
Ош мэриясы быйыл 30 көчөнүн тротуарын жаңылап, 20 аялдама курарын убадалады