Кызыл-Кыяда заманбап медициналык борбор ачылат. РКӨФ колдоо көрсөтүүдө

Оорукана күнүнө 100 бейтапты кабыл алууга ылайыкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) колдоосу менен жеке менчик медициналык-диагностикалык борбор ачылат. Бул тууралуу аталган фонддон кабарлады.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн РКӨФтүн түз каржылоосунун алкагында 460 миң долларлык насыя берет. Ал сумма курулуш-монтаждоо иштерине жана медициналык жабдууларды алууга жумшалат.
Оорукана күнүнө 100 бейтапты кабыл алууга ылайыкталып, 30 орундуу 13 палата болот. Эндоурологиялык, эндохирургиялык, эндотравматологиялык кызматтар көрсөтүлөт. Заманбап жабдуулар менен операциялар хирургиялык кийлигишүүсүз жасалат.
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артём Новиков медициналык борбордун ачылышы региондогу бир катар көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берерин белгиледи.
"Учурда региондогу көптөгөн бейтаптар Бишкек, Оштогу же Өзбекстандагы ооруканаларга барууга аргасыз болууда. Медициналык борбордо урологиялык багыттагы медициналык кызматтар комплекстүү көрсөтүлөт. Жылына калктын аялуу катмары үчүн 10 операция акысыз жасалат. РКӨФ бир гана коммерциялык эмес, алыскы аймактардагы социалдык долбоорлорду дагы жүзөгө ашырат", — деди Новиков.
Белгилей кетсек, бүгүн, 7-октябрда, Баткен облусунда кыргыз-орус инвестициялык форуму башталды. Ага Россиянын энергетика, айыл чарба, логистика, өнөр жай жана соода тармагындагы компаниялар, региондордун жетекчилери катышууда.
Чүйдө эркинен ажыратылгандар үчүн борбордук оорукана курулууда. Сүрөт