Кыргызстан кийинки жылы тышкы карызын алты валюта менен төлөйт

Ушул жылдын июль айынын аягына карата мамлекеттик карыз 5,2 миллиард долларды түздү.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт — Sputnik. 2023-жылы Кыргызстан мамлекеттик тышкы карызын алты түрдүү валютада төлөйт. Бул тууралуу бюджеттин 2023-жылга карата долбоорунда жана 2024-2025-жылдарга карата божомолунда жазылган.
Анда белгиленгендей, ушул жылдын июль айынын аягына карата мамлекеттик карыз 5,2 миллиард долларды түздү. Анын ичинен бир миллиарды ички карыздар, калганы тышкы карыз. Келе жаткан жылда мамлекеттик карыздарды тейлөөгө 48 миллиард 625,4 миллион сом жумшалары пландалууда, анын ичинен 34,2 миллиарды тышкы карызды төлөөгө сарпталат.
2023-жылы тышкы карызды тейлөө боюнча божомолдонгон валюталык структура:
доллар — 68,8 пайыз;
атайын карыз алуу укугу (Эл аралык валюталык фондунун жасалма резервдик жана төлөм каражаттары) — 23,4 пайыз;
евро — 3,7 пайыз;
япон йенасы — 3,3 пайыз;
юань — 0,5 пайыз;
Түштүк Корея вонасы — 0,2 пайыз.
"Доллардын сомго карата курсу көтөрүлсө, ошондой эле башка валюталардын (евро, йена, атайын карыз алуу укуктары жана башка) кросс-курсу долларга карата жогоруласа, мамлекеттик тышкы карыздарды тейлөөгө бөлүнгөн бюджеттик каражат жетпей калышы мүмкүн деген тобокелчиликтер бар", — деп жазылат бюджеттин долбоорунда.
10 эсе көп. 2025-жылы мамлекеттик карызды төлөөгө 75 млрд. сом керектелет