Баткенде кыргыз-орус инвестициялык форуму өтүп жатат

Форумга Россиянын энергетика, айыл чарба, логистика, өнөр жай, соода тармактарындагы ишканалардын өкүлдөрү жана РФ аймактарынын башчылары катышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Бүгүн Баткен облусунда кыргыз-орус инвестициялык форуму өтүп жатат. Бул тууралуу Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун маалымат кызматы кабарлады.
Форумга Россиянын энергетика, айыл чарба, логистика, өнөр жай, соода тармактарындагы ишканалардын өкүлдөрү жана РФ аймактарынын башчылары катышууда.
"Биз фонд кандай иштерди жасап жатканын көрүү үчүн эле келген жокпуз. Бул жакта баарын көрүп, жумушка аралашсын деп өзүбүз менен кошо делегация ала келдик. Бул эки тараптуу кызматташтыктын жана байланыштардын өнүгүшү", — деди Россия президентинин аймактар аралык жана чет өлкөлөр менен маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын башчысы Игорь Маслов.
Форумдун жүрүшүндө Кызыл-Кыя шаарында Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосунда жеке менчик медициналык борбор ачыла тургандыгы белгилүү болду. Фонд бул долбоор үчүн 460 миң доллар бөлгөн. Медициналык борбор ачылса күн сайын жүзгө чейин бейтапты кабыл ала алат.
"Ошондой эле аталган шаарда менчик мектептин курулушуна капсула салынды. Долбоорду ишке ашыруу үчүн фонд жеңилдетилген насыя катары 400 миң доллар бөлдү", — деп жазылат маалыматта.
Баткендик 200дөн ашуун бала РКӨФ акчасына курулган мектептен билим алмакчы