Путин КМШ өлкөлөрү улуттук валюталарга өтсө кандай өзгөрүүлөр болорун айтты

Владимир Путиндин айтымында, КМШ өлкөлөрү өз ара соодада улуттук валюталарына өтсө, Шериктештикке кирген мамлекеттердин каржылык көз карандысыздыгы бекемделмек.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. КМШ өлкөлөр арасында товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү — улуттук валюталарга тезирээк өтүүгө өбөлгө болот. Мындай пикирин Россиянын президенти Владимир Путин КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейформал саммитинде айтты.
Ал белгилегендей, өткөн жылы Россиянын КМШ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 30дан ашык пайызга өскөн. Тактап айтканда, анын суммасы 96 миллиард долларды түзсө, бул жылдын биринчи алты айлыгында дагы жети пайызга өстү.
"Биз муну сиздер менен көп жылдан бери ишке ашырып келе жатабыз жана эч бир саясий кырдаалдар менен байланышы жок. Мындай аракеттер биздин өлкөлөрдүн каржылык көз карандысыздыгын бекемдөөгө, ички рыноктук капиталдын өсүшүнө, аймактык экономикалык интеграциянын тереңдешине шарт түзөт", — деди Россия лидери.
КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын бейформал саммити бүгүн, 7-октябрда, Санкт-Петербург шаарында өттү. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров иш графигине байланыштуу жыйынга бара алган жок.
Путин КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы чатактарды чечүү жолдорун табууну сунуштады