"Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту учурда транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо, транспорт процессинин технологиясы жана менеджмент багыттары боюнча тогуз кесипте окутат. Авиация кызматкерлерин, айрыкча, пилотторду даярдоо абдан кымбат турат. Учкучтардын теориялык билим алуусуна караганда (жылына 1000 доллар) практикалык окуудан өтүүсү алда канча кымбат. Мисалы, буга чейин биздин студенттер Казакстандын Караганда шаарында жайгашкан эң ири "Балапан" авиациялык окуу борборунан практикадан өтүп келишсе, азыр Байтик, Токмок аэродромундагы Bristell NG-5, Diamond DA42 самолёттору менен машыгып жатышат. Анын баасы 30-35 миң долларды чапчыйт. Бирок окуусун аяктап алса ал акчаны бат эле таап коюшат. Жылына пилоттордун окуусуна 20 орун бөлүнөт. Айрымдарынын каражаты жетсе, ден соолугу учкуч болууга жарабай калат. Ал эми, тескерисинче, ден соолугу мүмкүнчүлүк бергендердин каражаты жок болуп калууда. Буга байланыштуу дайыма эле орундар толо бербейт. Толсо дагы ар кандай себептерден улам анын жарымы эле окууну ийгиликтүү аяктайт. Ошондуктан учкучтардын саны аз. Союз мезгилинен бери Россиянын Ульяновскидеги Жарандык авиация институту, Комсомольск-на-Амуре шаарындагы авиациялык окуу жай менен алакабыз бар. Мындан тышкары, Түркия, Казакстан, Азербайжан менен иштешебиз. Ал эми Түштүк Кореядан учкучсуз учуучу аппараттарды башкаруу адистигине окууга абитуриенттер келишет", — деди Иматов.