БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Россияга иштегени кетип жаткан кыргызстандыктарга ал өлкөдөгү жаңы эрежелер туурасында эскертти.
Былтыркы жылдын соңунда Россияда федералдык эки мыйзам кабыл алынган.
Анын алкагында кыргызстандыктар төмөнкү талаптарды сактоого милдеттүү:
Россиянын аймагына киргенден тарта календардык 30 күндүн ичинде бир жолу манжа изин мамлекеттик каттоодон өткөрүп, сүрөткө түшүүгө;
Россияга барганда 30 күн аралыгында баңгизат же дарыгердин көрсөтмөсү жок психотроптук каражаттарды колдонгон-колдонбогонун, жугуштуу жана ВИЧтен улам пайда болуучу оорулар бар же жок экенин аныктоо үчүн медициналык кароодон өтүүгө;
медициналык документтердин мөөнөтү аяктагандан кийин 30 күндүн аралыгында ИИМдин аймактык бөлүмүнө жаңыртылган медициналык документтерди көрсөтүп турууга.
Эгерде кыргызстандыктар бул талаптарды аткарбаса, алардын Россиянын аймагында жүрүү мөөнөтү кыскарарын эскертишти.
Мындан улам Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Россияга бара жаткан мекендештерге жогоруда аталган федералдык мыйзам менен таанышуу жана жаңы талаптарды сактоо сунуштарын айткан.