Газдын баасына чек коюу менен Евробиримдик жарыксыз калышы ыктымал

Прагада өтүп жаткан Евробиримдиктин бейформал саммитинде энергетикалык каатчылык маселеси көтөрүлөрү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Европа биримдиги электр энергиясы, газдын баасына чек коюу чечимин кабыл алуу менен таптакыр жарыксыз калышы ыктымал. Мындай пикирин Люксембургдун премьер-министри Ксавье Беттель билдиргенин РИА Новости жазды.
Белгилей кетсек, бүгүн Прагада Евробиримдиктин бейформал саммити өтүүдө. Анда энергетикалык каатчылык маселеси көтөрүлүп, Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен газдын баасына чек коюу боюнча кезектеги сунушту талкууга коёт.
"Дүйнөдө энергияны бизден башкалар да колдонорун эске алышыбыз керек. Ошол себептен бул маселеге байланыштуу кандайдыр бир чечимди алууда этияттабасак кесепети аянычтуу болуп калышы ыктымал", — деген Беттель.
27-28-июнда өткөн саммитте "Чоң жетиликке" мүчө мамлекеттердин финансы министрлери Россиянын газ, мунайына көз карандылыкты азайтып, Москва сатып жаткан кара алтын менен көгүлтүр оттун баасына чектөө коюуну макулдашкан. Ал эми сентябрда мунайдын баасына чек киргизүүнү бекитишкен. Евробиримдиктин мындай кадамына Москва жооп берип, лимит колдоно турчу мамлекеттерге Россиядан бул продукциялар экспорттолбой турганын эскерткен.
Батыш РФ мунайынын баасына чек коюуну пландоодо. Москва контрчабуул жасашы мүмкүн