Чүйдө эркинен ажыратылгандар үчүн борбордук оорукана курулууда. Сүрөт

Заманбап ооруканада хирургиялык, операциялык, терапиялык, ошондой эле нейропсихиатриялык жана наркологиялык бөлүмдөр болмокчу.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесинин аймагында Жаза аткаруу кызматынын борбордук ооруканасы курулууда. Бул тууралуу ЖАКтын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесинин аймагында Жаза аткаруу кызматынын борбордук ооруканасы курулууда

2 / 4

Медициналык борбордун жетекчиси Азиз Аалиевдин айтымында, медициналык жаңы жай 275 орунга ылайыкталган

3 / 4

Заманбап жабдуулар менен жабдыла турган ооруканада бир нече — хирургиялык, операциялык, терапиялык, ошондой эле нейропсихиатриялык жана наркологиялык бөлүмдөр бар

4 / 4

Мындан сырткары, ооруканада дагы үч имарат курулат

Медициналык борбордун жетекчиси Азиз Аалиевдин айтымында, медициналык жаңы жай 275 орунга ылайыкталган. Заманбап жабдуулар менен жабдыла турган ооруканада бир нече — хирургиялык, операциялык, терапиялык, ошондой эле нейропсихиатриялык жана наркологиялык бөлүмдөр бар.
Мындан сырткары, ооруканада дагы үч имарат курулат: борборлоштурулган стерилизация бөлүмү, кубаттуу откана жана коомдук тамактануу бөлүмү. Акыркы объект ишке дээрлик даяр экени айтылды.
Өкмөт №47 түзөтүү колониясынын ордуна эмне куруларын айтты