2022-жылдын сегиз айынын жыйынтыгы боюнча 8 974 тонна балык өндүрүлүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 145 пайызга көп болду. Бул тууралуу Нурзамат Акпаралы уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Балык чарба департаменти көлмөлөргө балык өстүрүү үчүн атайын биологиялык аныктамасын иштеп чыгып, кайсы сууга кандай балыкты багууга болору аныкталган.
"Кыргызстанда бирдиктүү мамлекеттик балык чарба реестринде 194 балык чарбасы катталган, анын ичинен 30 чарба балык жана балык продукцияларын Россияга, Казакстанга жана үчүнчү өлкөлөргө экспорттойт. Мындан тышкары, өлкөдөгү көлмөлөрдү, суу сактагычтарды инвентаризациялоонун негизинде жалпысынан 2 771 көлмө бар экени аныкталган. Учурда алардын балык өстүрүү үчүн атайын биологиялык аныктамасы иштелип чыгып, кайсы сууга кандай балыкты багууга болору белгиленет. 2022-жылдын сегиз айында 8 974 тонна балык өндүрүлүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 145 пайызга көп болду. 2 901 тонна балык жана балык продукциясы экспорттолду", — деди Акпаралы уулу.
Ошондой эле адис өндүрүш көлөмүнүн өсүшү менен экспорттук мүмкүнчүлүктөр жогорулап, балык чарбасын иштеткен ишкерлердин да саны өсүп жаткандыгын кошумчалады.