БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. БУУ өзөктүк согуш тууралуу кеп да болбошу керек деген буга чейинки позициясынан кайтпайт. Бул тууралуу РИА Новостиге уюмдун башкы катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик билдирген.
Буга чейин Зеленский Австралиядагы Лоуи институтунда видеобайланыш аркылуу сүйлөп жатып НАТО Россиянын өзөктүк соккусун күтпөй, ага эскертүү соккусун жасашы керектигин айткан. Мындан улам журналист БУУ өкүлүнөн Украина президентинин айткандары боюнча уюмдун позициясын сураган.
"Өзөктүк курал колдонууга байланыштуу башкы катчы буга чейин пикирин билдирген. Анын позициясы өзгөргөн жок", — деди Дюжаррик.
Өкүл БУУнун башкы катчысынын 22-сентябрда уюмдун Коопсуздук кеңешинде айткандарын эске салды. Анда Гутерриш "акылга сыйгыс өзөктүк согуш идеясы талкуунун предмети болуп калды, бул тууралуу кеп да болбошу керек" деп айткан.