Бишкекте №20 мектептин 347 млн. сомдук жаңы корпусу ачылды. Сүрөт

Быйыл борбор калаада он беш мектеп жана бир бала бакча курулду.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы №20 мектеп гимназиянын кошумча корпусунун ачылышына катышты.
1 / 6

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы №20 мектеп гимназиянын кошумча корпусунун ачылышына катышты

2 / 6

Өкмөттүн маалымат кызматы үч кабаттуу жаңы имаратта 20 окуу классы бар экенин билдирди

3 / 6

Биринчи кабатта кенже класстар, хореография, машыгуу залы жана ашкана жайгашкан

4 / 6

Экинчи кабатта кенже класстар үчүн кабинеттер, 110 орундуу чоң зал жайгашкан

5 / 6

Үчүнчү кабатта предметтик кабинеттер менен лаборатория орун алган

6 / 6

Мектептин аймагында футбол, баскетбол жана волейбол талаалары, чуркай турган атайын жол жана воркаут-аянтча бар.

Өкмөттүн маалымат кызматы үч кабаттуу жаңы имаратта 20 окуу классы бар экенин билдирди.
Биринчи кабатта кенже класстар, хореография, машыгуу залы жана ашкана жайгашкан. Экинчи кабатта кенже класстар үчүн кабинеттер, 110 орундуу чоң зал жайгашкан. Үчүнчү кабатта предметтик кабинеттер менен лаборатория орун алган. Мектептин аймагында футбол, баскетбол жана волейбол талаалары, чуркай турган атайын жол жана воркаут-аянтча бар.
"Бүгүн 500 орундуу дагы бир мектептин жакшынакай имаратын ачып жатабыз. Имаратты салуу быйылкы жылдын 30-апрелинде башталган. Курулушка жалпысынан 347 миллион сом, ал эми техникалык жактан жабдууга 13,2 миллион сом жумшалды. Балдарды, мугалимдерди бул майрам менен куттуктайм", — деди Жапаров.
Анын айтымына караганда, быйыл борбор калаада 15 мектеп жана бир бала бакча пайдаланууга берилген. Ал жаңы конуштарга дагы жети мектеп курула тургандыгын, бул жакынкы арада жасаларын билдирди. Министрлер кабинетинин жетекчиси мындан ары шайлоочулардын добушун алуу үчүн бир катар адамдардын кайсы бир аймактарга мектептердин курулушун лобби кылуусу кайталанбай тургандыгына токтолуп, мектептердин кайсы жерге салына турганын Билим берүү жана илим министрлиги аныктаарын айтты.
Мектеп салуу талкууланды. Кыргызстан менен Россиянын вице-премьерлери жолукту