Кыргызстандын бажы кызматынын майору эл аралык таймашта 1-орунду ээледи

Кыргызстандын намысын Дмитрий Дороженко, Наиля Такутдинова жана Гүлжан Нурлаева коргогон.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлү пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпиондугунун кубогунда биринчи орунду ээлеп, 6 рекорд койду. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлү пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпиондугунун кубогунда биринчи орунду ээлеп, 6 рекорд койду

2 / 2

Турнир Россиянын Геленджик шаарында 23-25-сентябрда өткөн

Турнир Россиянын Геленджик шаарында 23-25-сентябрда өткөн.
"Дүйнөлүк чемпиондор кубогуна Кыргызстандын намысын үч адам — Дмитрий Дороженко, Наиля Такутдинова жана Гүлжан Нурлаева коргоду. Бажы кызматынын майору Дмитрий Дороженко ачык жаш курак категориясында жана 50-54 жаштагылар — ардагерлер категориясында биринчи орунду камсыздап, дүйнөлүк алты рекорд койду", — деп билдирди кызмат.
Маалыматта айтылгандай, Кыргызстандын атынан катышкан бажы кызматкер-спортчулар командалык жарышта да биринчи орунга ээ болушкан.
Жарышка Азербайжан, Казакстан, Россия, Эстония, Армения жана Кыргызстан катышкан.
Кыргызстан үчүн чыккан Сардана Трофимова Алматыдагы жарым марафондо алтын алды