Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Батыш Сауд Аравиясын Москванын кучагына түрттү. Мунай жагдайына сереп

ОПЕК+ мүчө-өлкөлөр жалпы макулдашууну кабыл алганы турат. Ага ылайык, мунай казуунун көлөмү суткасына эки миллион баррелге азайтылат.
Sputnik
Азырынча мындай чечим расмий бекитиле элек. Бирок бул багыттагы булактарга таянсак, уюмдун бардык мүчөлөрү сунушту жактырып, добуш беришкен. Маселеге серепчи Сергей Савчук кайрылып, макаласын РИА Новости сайтына жарыялаган.
Уюмдардын аталыштарын адаштырып албоо үчүн алгач негизги түшүнүктөрдү башынан кайталап чыгалы. Мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн уюму (эл аралык профилдик картель) 1960-жылдын сентябрында Багдад конференциясынын жыйынтыгында түзүлгөн.
Башында болгону беш өлкө кол койгон. Перс булуңундагы мамлекеттерден тышкары, алардын арасында Венесуэла да бар эле. Ал эми азыр ОПЕКтин курамы кыйла кеңейип, мүчөлөрдүн саны он үчкө жетти. Жогоруда аталган республикадан сырткары, ага: Алжир, Ангола, Габон, Ирак, Иран, Конго, Кувейт, Ливия, Бириккен Араб Эмирлиги, Нигерия, Сауд Аравиясы жана Экватордук Гвинея кирет.
Картель да калган өлкөлөр менен бирге эле ар кандай мезгилди, мунай каатчылыгын баштан өткөрдү. Бул өз кезегинде уюмдун саясатына да, курамына да таасир этти. Мисалы, 1995-жылы ОПЕКтин курамынан Габон чыгып кетип, туура он бир жылдан кийин кайра кошулган.
Убакыт өткөн сайын мунайдын кору планетанын улам бир чөлкөмүндө табылып жатты. Башка мамлекеттерде да чалгындоо иштери менен катар мунай казуу да жогорулап отурду. Атап айтканда, өндүрүштүн көлөмү боюнча дүйнөлүк лидерлердин үчтүгүнө Россия кирди.
2015-жылга чукул ОПЕК өз алдынча дүйнөлүк рынокко анчейин таасир эте албасы анык болуп калган. Анан да картелге кирбеген өлкөлөр ага мүчө-мамлекеттерге кыйла күчтүү атаандашка айланып бараткан. Ошол жагдай эске алынып, бул багыттагы өндүрүшкө ээ дагы он өлкөнү тартуу менен ОПЕК+ форматында толукталган.
Жаңы уюм бейрасмий мүнөздө экенин, баштапкы мүчөлөрүнөн тышкары, курамына Россия, Казакстан, Азербайжан, Бахрейн, Бруней, Малайзия, Мексика, Оман, Судан жана 2011-жылы гана түптөлгөн Түндүк Судан кирерин белгилей кетели. Башкача айтканда, мунайчы "аксакалдар" ушул багыттагы "жаштарды" кең пейилдигинен эмес, кызматташууга аргасыз болгондуктан уюмга мүчөлүккө алышкан.
Bloomberg: Батыш Россиянын нефть тирешиндеги жеңишин моюндады
ОПЕК жана ага кошулган мамлекеттер мунайдын дүйнөлүк экспортунун жарымынан көбүн көзөмөлдөп, ал эми жаңы он мүчөнүн мунайынын далилденген кору жер жүзү боюнча 90 пайыздан ашкан.
Так көрсөткүчтөрдү келтире турган болсок, соңку маалыматтарга ылайык, ОПЕКке мүчө-өлкөлөр суткасына 28 миллион баррель өндүрөт. Бул жалпы дүйнөлүк көлөмдүн отуз пайызын түзөрүн эске алсак, калган бөлөк өлкөлөрдүн үлүшүнө суткасына дагы 93 миллион челектен туура келерин эсептеш кыйын деле болбосо керек.
Кеңейтилген мунай картели көп чогула бербесе да алардын жолугушуусу же рыноктогу кыйын кезеңди жөнгө салары, же кандайдыр чоң өзгөрүүдөн кабар берери айныгыс. Же бул эки көрүнүшкө тең күбө болобуз. Адатта ОПЕК+ жыйындарында кен казуунун көлөмүн көбөйтүү же азайтуу, зарыл учурда бааны көтөрүп же арзандатуу негизги жана стандарттык маселелерден.
Байкасаңыз, эч бир жерде Кошмо Штаттар тууралуу кеп жок. Болбосо АКШ ушул тапта мунай казуучу өлкөлөрдүн баш сабында турат. Америкалык мунайчылар суткасына орточо 13-14 миллион баррель алат. Бирок Кошмо Штаттар өз артыкчылыгын жана өзгөчөлүгүн белгилөө менен мунайчылардын бул дүйнөлүк расмий клубуна кирбейт.
Дал ушул себептен дүйнөлүк басма сөз Вашингтондон кайсы бир үлкөн саясатчы Эр-Риядга иш сапары менен барганын байма-бай жазып турат. Кошмо Штаттар мындай абалды анчалык жактырбаганы менен объективдүү реалдуулук менен эсептешпей кое албайт.
Аналитиктердин божомолунда суткасына эки миллион баррелге кыскартуу мунайдын кымбатташына алып келет. Андай учурда бир челеги жүз доллардан ашып кетет. Ал эми бул Жо Байден жана анын тобуна пайдасыз. Туура бир айдан кийин АКШда шайлоо аралык шайлоо өтөт. Быйыл жайдагыга караганда бир топ жакшыртып алышса да, демократтар ушул тапта кыйла кыйын абалда.
АКШнын Каржы министрлиги эч бир нерсе ойлоп таба албай, стратегиялык корду соңку кырк жылда болуп көрбөгөндөй деңгээлде четинен "кертүүгө" киришти. Анткен менен дүйнөлүк баа да Американын ички рыногуна таасир этет. Унаа майларынын баасы көтөрүлүп, бул өз кезегинде нандан электр кубатына чейинки товарлардын бардык түрлөрүнүн кымбатташына алып келет.
Бир ай мурун, Россиялык мунайга каршы санкциялардын болгон түрү салынганда Жо Байден Сауд Аравиясына расмий сапар менен барган. Ал Эр-Рияд тарабынан кен казуунун көлөмүнүн көбөйтүлүшүн көздөгөн. Бирок сапардан майнап чыккан эмес, себеби саудиялыктар сылык гана андай сунуштан баш тартышкан. Америка үстөмдүк кылган дүйнөдө бул аларды элдин көзүнчө жаакка чапкандай көрүнүш эле. Бирок ошону менен жөн токтоп калбады.
Елизавета IIнин коштошуу зыйнаты өтүп жаткан Улуу Британия саудиялык Мохаммед бин Салман ханзааданы кыртышы сүйбөгөнүн, келсе да көңүл сүйбөгөн конок болорун расмий билдирди. Ошондо эле талдоочулар Батыш Сауд Аравиясын Россиянын кучагына түрткөнүн жазып чыгышкан.
Жайгашкан жери, Түндүк деңиздин шельфиндеги мунай корунун түзүлүшүнөн улам британиялыктар импорттон толук көз каранды. Коштошуу зыйнатындагы окуянын кесепетин деле эсептеп, эске алышса болмок. Кыязы үлкөн держава менен союздаштык милдет күчтүүлүк кылып кетти көрүнөт. Же балким, Лондондун башка аргасы калбагандыр.
Кандай болгон күндө да Вашингтон жактырбаган абал жаралды. Мунай казуу көлөмү белгисиз мезгилге азайтылды. Бул АКШдагы ансыз да кымбат бааны дагы өстүрүп, Россияны каржылык жактан алсыратуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарат. Ал эми РФ өз кезегинде кара алтынды экспорттоонун жаңы маршруттарын түптөөгө кызуу киришти.
ОПЕК+ ноябрдан тарта мунай өндүрүүнү кыскартат