Баткендик 200дөн ашуун бала РКӨФ акчасына курулган мектептен билим алмакчы

РКӨФ "Азамат" мектебинин кайрылуусуна жооп кылып, 400 миң доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя бөлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында "Азамат" деп аталган менчик окуу-тарбия комплексинин жаңы корпусу курула турган болуп, анын капсуласы салынды.
"Азамат" — акыркы үлгүдөгү жабдуулар менен камсыздалган, тажрыйбалуу мугалимдер эмгектенген заманбап билим жайы экендиги айтылды. Мектеп улам кеңейгендиктен, жаңы имарат курууга муктаждык жаралып, алар Россия-кыргыз өнүктүрүү фондуна кайрылышкан. Аталган уюм аянты 1380 чарчы метр болгон үч кабаттуу объектинин курулушуна акча бермей болгон.
1 / 2

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында "Азамат" деп аталган менчик окуу-тарбия комплексинин жаңы корпусу курула турган болуп, анын капсуласы салынды

2 / 2

"Азамат" — акыркы үлгүдөгү жабдуулар менен камсыздалган, тажрыйбалуу мугалимдер эмгектенген заманбап билим жайы экендиги айтылды

Учурда Баткен облусундагы мектептерде балдардын санынын арбындыгы, тагыраагы, нормативден 1,7 эсе көп экени айтылды. Бул долбоордун аркасы менен айтылган көйгөйдү жарым-жартылай чечүүгө мүмкүнчүлүк жаралган. Аны менен катар эле жаңы жумуш орундары пайда болуп, бюджетке төгүлө турган салык төлөмдөрү арбыйт.
Бул жагдайларды карап көргөн РКӨФ "Азамат" мектебинин кайрылуусуна жооп кылып, 400 миң доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя бөлгөн.
"Мектептердин жетишпестиги – өлкө жетекчилигинин көңүл борборунда турган маанилүү маселелердин бири. Бир топ күч жумшалып, дээрлик ар жума сайын жаңы мектептер ачылууда. Фонд да мамлекеттин социалдык программаларынан четте калбай, мүмкүнчүлүктөрүбүздү аймактарда пайдаланууга аракет кылып жатабыз. Элге жашаган жеринде сапаттуу социалдык кызматтардын көрсөтүлүшүн каалайбыз. Акчасын, убактысын коротуп, борборго же облустун борборлоруна убара болуп барбаса деген ниеттебиз", – деген РКӨФтүн башкармалыгынын жетекчиси Артём Новиков.
Жаңы имаратта 18 класс жана спорттук зал ачылат. Ал зарыл болгон, Билим берүү жана илим министрлиги кабыл алган стандарттарга жооп берген жабдуулар жана эмеректер менен жабдылмакчы.
"Мектептеги бардык окуу программалары республикалык стандарттарга жооп берет. Аны менен катар балдардын өз мүмкүнчүлүгүн толук ача турган робототехника, информатика, программалоо боюнча кошумча сабактар өткөрүлөт", – деди Новиков.
Белгилей кетсек, бүгүн, 7-октябрда, Баткен облусунда кыргыз-орус инвестициялык форуму башталды. Ага Россиянын энергетика, айыл чарба, логистика, өнөр жай жана соода тармагындагы компаниялар, региондордун жетекчилери катышууда.
Баткенде кыйраган үйлөрдүн орду тазаланып, курулуш башталды